Издөөдө жүргөн Кытай жараны Кыргызстанда кармалды

Иллюстрация

Милиция кызматкерлери Кытайдын Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаранын кармады. ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, 1967-жылы туулган Чен Ксиянфу Кыргызстанга 2013-жылы келип, ишкердик менен алектенип жүргөн.

Кылмыш кылгандыгы үчүн Кытайдын Шандунь аймагынын тартип сакчылары тарабынан издөөдө жүргөн Чен Ксиянфу Кыргызстанда тийиштүү документтерди алып, өлкөдө жүрүү жана ишкердик кылуу укуктарына ээ болгон.

30-августта кармалган Чен Ксиянфу тартип сакчыларынын көзөмөлүндө “Бишкек-Үрүмчү” багыты аркылуу учуп кетти.