Таластык мугалим Орусиядагы сынакта экинчи орунду алды

Автандил Назаркулов (солдо)

Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы мектептин мугалими Автандил Назаркулов 20 өлкөнүн орус тил сабагынан берген мугалимдери катышкан Москвадагы сынакта экинчи орунду алды.

Эл аралык сынакта Австралия, Палестина, Казакстан, Өзбекстан, Египет сыяктуу мамлекеттердин орус тилчилери өз тажрыйбалары тууралуу эссе жазып, атайын тесттен өтүшкөн.

Натыйжада, финалга 12 мугалим чыгып, Автандил Назаркулов экинчи орунду алган. Муну менен ал Москвадагы Пушкин атындагы мамлекеттик институтта квалификациясын акысыз жогорулатмай болду.

Автандил Назаркулов Таластын Бакай-Ата районундагы Аман Арстанов мектебинде 25 жылдан бери эмгектенип келет. (AlS)