Кыргызстанда омбудсмендердин эл аралык форуму өтөт

Иллюстрация

Жарандардын жана балдардын укуктары боюнча 20дан ашык өлкөнүн ыйгарымдуу өкүлдөрү биринчи жолу Кыргызстанда чогулуп, омбудсмендердин эл аралык форумун өткөрөт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан «Азаттыкка» кабарлашты.

Форум үч күнгө созулуп, абактагылардын укугу, сот реформасы, жабык мекемелердеги балдардын укугу жана шайлоочулардын укугун аткаруудагы омбудсмендин ролу туурасында багыттар боюнча талкуулар жүрөт.

Эл аралык форум 6-сентябрда Бишкекте башталып, 7-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө уланат. Форумга БУУнун балдар укугу боюнча комитетинин төрайымы Рената Вингердин катышуусу күтүлүүдө. (SDz)