Бишкекте эпостор фестивалы өтөт

"Манас" драмалык спектакли.

Бишкекте 4-6-сентябрда Дүйнө калктарынын эпосторунун IV эл аралык фестивалы өтөт. Маданият министрлигинен кабарлашкандай, бул фестивал манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата уюштурулууда.

Фестивалдын алкагында илимий-практикалык симпозиум өтүп, этнографиялык айыл уюштурулат. Ошондой эле эквадорлук белгилүү музыкант Лое Рохастын катышуусунда концерт өтөт.

Фестивалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Монголия, Орусия, АКШ жана Түркиядан коноктор келмекчи. (BkA)