“Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк кыймылы” (FIDH) жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун (OMCT) альянсы 1-сентябрдагы билдирүүдө Кыргызстандагы абалга байкоо салууга үндөдү.
Укук коргоочулар "Адилет" укук клиникасынын төрайымы, мурдагы депутат Чолпон Жакупова, көз карандысыз "Заноза" сайтынын башкы редактору Дина Маслова жана журналисти Нарынбек Идинов (Нарын Айып) соттук куугунтуктоого кабылганын билдиришти.
Уюм кыргыз бийлигине кайрылып, бул үч кишиге жана бардык укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотууга, сот иштерин эл аралык мыйзамдарда каралган адилет сот укугун сактоо менен жүргүзүүгө үндөдү.
Ошондой эле кайрылууда укук коргоочуларды Кыргызстан президентинин ар-намысына акарат келтирүү деген жасалма айыптоолордун негизинде сот жообуна тартуу практикасын токтотуу керектиги айтылат.
Эл аралык уюмдар 2003-жылы кабыл алынган "Президенттин ишмердигин кепилдөө" жөнүндө мыйзам Конституцияга каршы келип, сөз эркиндигин чектегендиктен аны жокко чыгарууга, БУУнун укук коргоочулар тууралуу декларациясын урматтоого, Кыргызстан адам укуктары жаатында ратификациялаган эл аралык документтерге ылайык, кандай кырдаалда болбосун адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди урматтоого чакырышты.
Үстүбүздөгү жылдын март айында баш прокурор Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына чыккан "айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз өндүрүү боюнча беш арыз берген.
Октябрь райондук соту Жакуповага 3 млн сом, "ПроМедиа" коомдук фондуна 3 млн сом, анын түзүүчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслова 3 млн сомдон төлөсүн” деген чечим чыгарган.