Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, Бишкектен Москваны көздөй бараткан Ford Tranzit автоунаасы Оренбург облусунда 30-августта жол кырсыгына кабылган.
Андан машинедеги он жүргүнчүнүн жетөө жаракат алган. Киши өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Жабыркагандар жергиликтүү ооруканага жеткирилген.
Кырсык Оренбург шаарынан 150 чакырым алыстыкта болгон. Орусиянын маалымат каражаттары жол кырсыгына айдоочунун уктап кетип, жолдон чыгып кеткени себеп болгон деп жазышты.