Атамбаевдин кайрылуусу саясат менен коштолду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды эгемендик күнү менен өлкө башчысы катары акыркы ирет куттуктады. Ал өзүнүн мөөнөтү аралыгында өлкөдө эгемендүүлүктөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдөн арылуу мүмкунчүлүгү болгонун белгиледи. Куттуктоо сөзүндө ал шайлоого токтолуп, былтыркыдай эле өлкөнү солкулдаткысы келгендерге карата катаал чаралар көрүлөрүн билдирди. Президенттин кайрылуусун айрымдар талапкерлерге карата эскертүү катары кабылдап жатышат. Теманы Самат Жумакадыров улантат.