Талл-Афар шаары согушкерлерден бошотулду

Талл-Афар аймагы

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади өлкө түндүгүндөгү Талл-Афар шаары жана бүтүндөй Ниневия провинциясы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан бошотулганын жарыялады.

Ал 31-августтагы билдирүүсүндө Ирак армиясы баштаган күчтөр Талл-Афардан качкан согушкерлерди Ал-Аядия районунан да сүрүп чыгарганын билдирди.

Талл-Афарга чабуул 20-августта башталып, ал жерде 2000дей согушкер бар деп болжолдонгон.

Анын алдында Ирактын АКШ колдогон күчтөрү бир нече айга созулган операциянын натыйжасында өлкөнүн экинчи ири шаары Мосулду да бошоткон эле.