Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы

Кыргыз-кытай чек арасы беш күнгө убактылуу жабылат. Кыргызстандын Чек ара кызматынан бүгүн кабарлашкандай, кытай тараптын демилгеси боюнча 1-5-сентябрда Курман айт майрамына байланыштуу Эркеч-Там өткөрмө бекети жабык болот.

6-сентябрдан тарта бекет кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт. (RK)