Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого 386 миллион доллар сарпталды

Бишкек жылуулук борбору.

“Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, бул каражатты Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген.

Тиешелүү келишим 2013-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында түзүлгөн. Долбоорго ушул сумма жумшалды, кошумча чыгым кеткен жок.

Кытай тарап 386 миллион долларды 20 жылга 2 пайыз жылдык үстөк менен берген, анын он бир жылы жеңилдетилген мезгил болуп эсептелинет.

Жылуулук борборун модернизациялоо 2014-жылдын апрелинде башталып, 30-августта расмий аяктады. Модернизациялоонун жүрүшүндө жылуулук борборуна жаңы эки блок курулуп, кубаттуулугу 812 мегаватт электр энергиясына жеткени айтылды. Азыркы кезге чейин 300 мегаватт чыгарууга жөндөмдүү болчу. (NT)