Төрөттөн каза болгон келин доктурдун каттоосуна өтө кеч турганы айтылды

Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектеги №4 төрөт үйүндө каза болгон Мээрим Дайырбекова дарыгерлердин каттосуна өтөт кеч турган. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна №18 бейтапкананын акушер-гинекологу Айгүл Жээналиева билдирди. Анын айтымында, келин төрөткө аз калганда Москвадан келген, ага чейин эч кандай анализ тапшырган эмес:

- Бир ай мурда Москвадан келиптир. 28 жума болуптур, колунда бир да кагаз жок экен, текшерилбептир.

26 жаштагы Мээрим Дайырбекова 27-августта, кош бойлуулугу 31 жума болгондо эгиз уул төрөгөн, бирок эртеси өзү каза болуп калган.

Жакындары анын өлүмүнө доктурлар күнөөлүү экенин айтып, аларды кайдыгерликке жана шалаакылыкка айыптап жатышат.

Ымыркайлар азыр төрөт үйүндө вакуумда жатышат. Абалы дурус.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын айтымында, келиндин өлүмүнө эмне себеп болгонун аныкташ үчүн союу керек, бирок буга анын туугандары каршы чыгып, окуяны териштирүү үчүн милицияга кайрылышты.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмдүн чоо-жайын иликтөө боюнча атайын комиссия түздү. Кызматтык териштирүү да жүрүүдө.

Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын алты айында 28 эне төрөттөн каза болгон.

Медицинада кош бойлуулуктун 40-жумасына жакындаган төрөт эне үчүн да, бала үчүн да нормалдуу деп эсептелет. Ага чейин эне ай сайын анализ тапшырып, текшерилип турушу ыктымал ооруларды же башка тобокелдиктерди алдын алууга жардам берет. (KE/RK)