Ысык-Көлдөгү «Солнышко» пансионаты Жаштар иштери агенттигине өттү

Ысык-Көл

Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү «Солнышко» пансионаты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин карамагына өттү.

Аталган мекеме билдиргендей, тиешелүү токтомго 18-августта ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин "Солнышко" пансионаты Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болчу. (NT)