Атамбаев: Өзүм тарбиялаган жигит премьер-министр болду

Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков.

Президент Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковдун өкмөт башчы болуп дайындалышы боюнча пикирин билдирди. 28-августта Өзгөн районунда эл менен жолугушуу учурунда:

- Өзүм тарбиялаган жаш жигит премьер-министр болду. Өкмөткө жаштар келишти. Алар мен баштаган жолдон барышат. Алар аягына чыга элек иштерди бүтүрүшөт,- деп айтканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

25-августта Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн курамын бекиткен. Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкер болгондуктан, кызматын тапшырган.

Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусунда жумушчу сапар менен жүрөт. Ал быйыл Өзгөндө жер көчкү алган айылдын тургундары менен барып жолугуп, Курман айт майрамын өткөрүүгө 200 миң сом берди.

29-апрелдеги кырсыкта 24 адам набыт кеткен. (SE)