БШК 20 кишини президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышуу максатында арыз берген 20 адамды талапкер катары каттоодон баш тартты.

Тиешелүү чечим БШКнын 26-августтагы жыйынында кабыл алынган. Маалыматка караганда, талапкер болуп катталуу арызы четке кагылган 20 кишинин он беши конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кол тамгаларды тапшырган эмес.

Мындан улам Советбек Абыкулов, Аскарбек Абышев, Турат Акимов, Турсунбай Бакир уулу, Өмүрбек Бөлтүрүков, Максатбек Жумабеков, Замира Муратбекова, Назарбек Нышанов, Темиркул Өмүралиев, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова, Мукар Чолпонбаев, Санжарбек Энназаров, Бакыт Керимбеков, Марат Мергенов жарыштан четтетилди.

Ал эми Руслан Жунусов, Игорь Трофимов, Калмамат Мактымбаев, Мирлан Шерикул уулу, Полотбек Кенжекулов мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты, кеминде 30 миң кишинин колу коюлган барактарды тапшырбаганына байланыштуу БШК аларды каттоодон баш тартты. Календарлык планга ылайык президенттик кызматка талапкерлерден 30 миң же андан ашык кишинин колу коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү иши 25-августта аяктады.

Буга чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаев талапкер катары катталышкан.

Боршайком "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин талапкер катары катталуусу үчүн кол топтоодо шайлоо кампаниясынын каржылоо эрежеси бузулган деген жүйө менен аларды жараксыз деп тапкан.

15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышуу дымагы менен алгач Боршайкомго 59 жаран кайрылган. Алардын ичинен башында алтоо жарыштан четтетилген. Үчөө өз каалоосу менен баш тартышкан.

24-августта дагы бешөө: Мукар Чолпонбаев, Марат Иманкулов, Алмазбек Каримов, Сагынбек Абдрахманов жана Замира Муратбекова шайлоо таза өтөрүнө ишене албаганы үчүн саясий жарышкан катышпай турганын жарыялашты. (NT)