Индияда жергиликтүү диний секталардын биринин лидери Рам Рахим Сингхке сот өкүмү чыккандан кийинки массалык башаламандыктын 500дөн ашуун катышуучусу кармалды. 25-августта сот Сингхти 2002-жылы эки аялды зордуктаган деп тапкан.
Жума күнү соттун имаратынын алдында бул чечимге каршылык билдирген Сингхтин миңдеген тарапкери чогулган. Анын арты башаламандыкка айланып, кагылышууларда кеминде 29 адам каза таап, 200дөн ашууну жаракат алды.
Сектаны колдогондор темир жол станцияларын талкалап, автоунааларды өрттөшкөн.
Индиянын түндүк штаттарында коопсуздук үчүн 300дөн ашуун поезд каттамы токтотулду.
Полиция диний лидердин он миңге жакын тарапкери жашынып жаткан штабды курчады.
Сот Сингхтин камактагы мөөнөтүн дүйшөмбүдө жарыялайт. Ал кеминде жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Индия бийлиги тополоң дагы күчөшү ыктымал деп кооптонууда.