Алайда жол кырсыгынан үч киши каза таап, бешөө жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт

Жол кырсыгы 26-августка караган түнү саат 1:30 чамасында Алай районунун Нура айыл аймагына караштуу Тажик-Коргон участогунда болгон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, оор жүк ташуучу ЗИЛ-130 автоунаасы менен чөп жүктөп келе жаткан "Хундай Портер" машинеси кагылышкан.

Портердин айдоочусу жана анын ичиндегилер, машинени башкарып бараткан 63 жаштагы жаран 38 жана 36 жаштагы эки баласы менен каза тапкан. ЗИЛдин айдоочусу жана анын ичиндегилер, жалпы беш киши ар кандай жаракат менен Алай райондук ооруканасына жеткирилген.

Техникалык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жол кырсыгынын себеби аныкталууда.