Курамы бүгүн парламентте талкууланып жаткан өкмөттө билими боюнча бир да айыл чарба адиси жок.
Бул тууралуу премьер-министрликке сунушталган Сапар Исаков депутат Кенжебек Бокоевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Азыркы айыл чарба министри Нурбек Мурашев билими боюнча экономист экени айтылды.
Мындан улам Бокоев "Элдин 70% айыл чарбасы менен жан багат, анан кантип айыл чарбасын оңдойсуңар?" деп суроо салды.
Буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп кеткенине байланыштуу анын өкмөтү отставкага жөнөтүлгөн. Сапар Исаковдун учурдагы кызматы - президенттик аппараттын башчысы. Ал парламентке "Жаңы доорго 40 кадам" деген программасын сунуштоодо.(UEz)