Жаштар: Башынан башта!

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын активдүү жаштары жаран коомдо өз ордун табуу үчүн билимдүү, ишинде жоопкерчиликтүү жана кесипкөй болушу керек деп эсептешет. Мына ушундай багытка үндөгөн “Башынан башта!” аттуу манифест иштелип чыкты. Аны “Мага баары бир эмес” пикирлештер тобунун жетекчилиги менен активдүү жаштар даярдашты. “Башынан башта” манифестин жаштар Бишкек шаарындагы “Ололо” арт-студиясында элдин талкуусуна алып чыкты.