БШКнын маалыматы боюнча, "Ридуан" жеке ишканасынын башкы директору Акылбек Мансуров өз каалоосу менен президенттик жарышка катышуудан баш тартты. Муну менен Кыргызстандын мамлекет башчысы болууну көздөп, БШКга кайрылган жарандардын саны 44кө түштү.
15-октябрда боло турган президенттик шайлоого катышуу дымагы менен Боршайкомго 59 жаран кайрылган. Буга чейин алардын ичинен алтоону Боршайком жарыштан четтеткен. Үчөө өз каалоосу менен баш тартышкан.
24-августта дагы бешөө: Мукар Чолпонбаев, Марат Иманкулов, Алмазбек Каримов, Сагынбек Абдрахманов жана Замира Муратбекова шайлоого катышпай турганын жарыялашты. Алар буга президенттик жарыш таза өтөрүнө ишене албаганы үчүн барышканын билдиришкен.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. 25-августка карай БШК төртөөнү: Темир Сариевди, Өмүрбек Бабановду, Сооронбай Жээнбековду жана Бакыт Төрөбаевди расмий талапкер кылып каттады.(ZKo)