Бүгүн Кыргызстандын парламенти - Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясынын жыйыны болуп, жаңыдан сунушталып жаткан өкмөттүн программасынын долбоору менен жаңы курамын жактырды.
Премьер-министрликке сунушталган талапкер Сапар Исаков баяндама жасап, “Жаңы доорго 40 кадам” аттуу программанын алкагында иш алып бара турганын айтты.
Сунушталган өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүдөй:
КР Премьер-министри – Сапар Исаков;
КР биринчи вице-премьер-министри – Толкунбек Абдыгулов;
КР вице-премьер-министри – Дүйшөнбек Зилалиев;
КР вице-премьер-министри (социалдык блок) – Чолпон Султанбекова;
КР вице-премьер-министри (коопсуздук блогу) – Темир Жумакадыров;
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев;
КР тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;
КР ички иштер министри – Улан Исраилов;
КР юстиция министри – Уран Ахмедов;
КР каржы министри – Адылбек Касымалиев;
КР экономика министри – Артем Новиков;
КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;
КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;
КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов;
КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;
КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Баатыралиев;
КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков;
КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;
КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Сегизбаев;
КР коргоо иштери бонча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Касымкулов;
КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Рыскулов;
КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов.
Эми бүгүн (25-августта) түштөн кийин Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин чукул чакырылган отурумунда жаңы өкмөттүн курамын бекитүү маселеси каралаары күтүлүүдө.