Украина эгемендиктин 26 жылдыгын майрамдап жатат

Украинанын президенти Петро Порошенко аскерий парад маалында.

Украина бүгүн көз карандысыздыгынын 26 жылдыгын майрамдап жатат. Киевде өткөн аскерий парадга АКШнын коргоо министри Жим Мэттис баш болгон бир катар мамлекеттердин өкмөт мүчөлөрү көз салып турду.

Парадга биринчи жолу НАТОго мүчө тогуз мамлекеттин АКШ, Канада, Эстония, Грузия, Латвия, Британиянын аскерлери катышты.

Кечинде башкы аянтта Украина менен Кошмо Штаттардын аскерий оркестрлери биргелешип концерт коёт. Салтанат маалындагы коопсуздукту он миңден ашуун полиция кызматкерлери камсыздап жатат.

Мэттис соңку он жылда Украинага келген Кошмо Штаттардын биринчи коргоо министри. Ал бүгүн өлкө президенти Петро Порошенко жана коргоо министри Степан Полторак менен жолугары күтүлүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп Порошенкого куттуктоо катын жолдоп, Кошмо Штаттар "Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана төбөлсүздүгүн" колдоону уланта берерин, ошондой эле "өлкөнүн чыныгы Европа мамлекетине айлануу аракетин" кубаттарын белгилеген.

Украина төбөлсүздүгүнүн 26-жылдыгын утурлай өлкө чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдер белгисиз мөөнөткө ок атышууну токтотууну келишишкен. Жаңы окуу жылынан тарта Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу сунушун президент Петро Порошенко киргизип, "Норманд төрттүгүнө" кирген Орусия, Германия жана Франциянын лидерлери колдошту. Ок атышууну токтотуу режими 25-августтун түнүнөн тарта күчүнө кирет.