Донбасстагы козголоңчулар ок атышпоо сунушун колдошту

Өзүлөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймактын башчысы Денис Пушилин.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл козголоңчулар 25-августтан тарта, жаңы окуу жылынын башталышына утурлай жарыяланган ок атышууну токтотуу келишимин сакташарын билдиришти. Бул тууралуу жикчилердин лидери Денис Пушилин өзүнүн сайты аркылуу 23-августта тараткан билдирүүсүндө маалымдады.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Украина боюнча чабарманы Мартин Сайдик өлкө чыгышындагы ок атышууну токтотуу 25-августтун түнүндө күчүнө кирет деген маалыматты ырастады.

ЕККУ 24-августта тараткан билдирүүсүндө "уюм ок атышпоо режиминин киргизилишин кубаттаары" жазылган.

Атышууну токтотуу сунушун Украинанын президенти Петро Порошенко демилгелеген. 22-августтун кечинде Ангела Меркел, Эммануэл Макрон, Владимир Путин жана Петро Порошенко телефон аркылуу сүйлөшүп, украин чыгышындагы окуучулар мектепке тоскоолдуксуз барышы керектигин белгилеп, сунушту кабыл алышкан.

2014-жылдын апрель айында тутанган жаңжал баш-аягы 10 миңдей адамдын өмүрүн алды.