Кыргызстанда “Улуттук улуу кеңеш” түзүү сунушталууда

Кыргызстанда шайлоодогу мыйзам бузууларды бийликке, тиешелүү органдарга жеткирип туруу үчүн “Улуттук улуу кеңеш” түзүү сунушталууда.

Жарандык активисттерден турган демилгелүү топ бүгүн Бишкекте жыйын куруп, уюштуруу иштерин талкуулаганы жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна уюштуруучулардын бири Назгүл Эшеналиева кабарлады:

- Бул шартка ылайык түзүлүп жатат. Чогулуп шайлоодогу мыйзам бузуулар туурасында бийликке элдин үнүн, талабын жеткирүү зарыл. Баарыбыз таза шайлоону каалап жатабыз да. Административдик ресурс колдонулбашы керек.

Буга чейин ушул эле топ “Таза шайлоо кыймылын” түзгөн. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин бешөө күбөлүк алды. (КЕ)