Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху орус президенти Владимир Путин менен Сочидеги жолугушуусунда Иран Сириядагы аскердик аракетин көбөйткөнүн айтты. Ал мындай жагдай "Израилге, Жакынкы Чыгышка жана бүтүндөй дүйнөгө коркунуч жаратат" деп белгиледи.
"Президент мырза, биргелешкен аракеттер менен "Ислам мамлекети" тобун жок кылып жатабыз. Бул абдан маанилүү. Жаман жагы, жоочулардын тобу утулган жерлерге Иран кирип жатат", - деди Биньямин Нетаняху 23-августтагы жолугушууда.
Ал Иран Иракты, Йеменди көзөмөлдөөгө жакын калганын, Ливандагы ишмердигин да кеңейткенин кошумчалады.
Иран көптөн бери касташып келаткан Израилдин бул сыяктуу узактан берки айыптоолоруна жооп бере элек. Сирияда жети жылга аяк баскан жарандык согушта Иран менен Орусия президент Башар Асадды колдойт.
Израил менен орус лидерлери 2015-жылдын сентябрь айынан бери баш-аягы алты жолу кездешти.