Белгилүү коомдук ишмерлер, интеллигенциянын өкүлдөрү маалымат жыйынын куруп, президенттик шайлоого олуттуу мамиле жасоого коомчулукту чакырды. Ушул эле маалымат жыйынында Турсунбек Чынгышев, Накен Касиев, Шамил Атаханов, Ишенгүл Болжурова баштаган жүздөн ашуун коомдук ишмерлер президенттикке талапкер Темир Сариевди колдоо максатында коомдук комитет түзүшкөнүн жарыялашты.
БШК бүгүнкү күнгө чейин Темир Сариевди, Өмүрбек Бабановду, Сооронбай Жээнбековду талапкер кылып каттады. Ушул тапта БШКда Бакыт Төрөбаевге талапкер мандатын тапшыруу камылгасы жүрүп жатканы айтылууда. Президенттикке талапкер кылып каттоо арызын БШКга жалпысынан 59 жаран берген. Талапкерлердин такталган акыркы тизмеси 10-сентябрда белгилүү болот.
Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрга белгиленген.(ZKo)