Мадридде Каталониядагы теракттан кийин кармалган төрт жаран сот алдына алынып келип, сурак беришти. Алар ири кол салууну даярдап жатканын моюндарына алышкан. Айыпталуучулар теракт жасоого жергиликтүү мечиттин имамы түрткөнүн билдиришти.
17-августта Испаниянын Барселона шаарында 15 адамдын өмүрүн алган чабуулга "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган. Мында 100дөн ашуун киши жарадар болгон. Камалгандардын бардыгы террористтик уюмдун мүчөлөрү экенин Би-Би-Си маалымдаган болчу. (КЕ)