Жогорку Кеңеш 25-августта кезексиз жыйынга чогулары айтылууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна парламенттеги өз булактар кабарлады. Бүгүн мамлекет башчынын атынан Жогорку Кеңешке кезексиз жыйын өткөрүү тууралуу кат келип түшкөнү айтылды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер болуп көрсөтүлүүдө. Бүгүн ал жана анын кабинети отставкага кетти.
Мыйзам боюнча өкмөт отставкага кеткенден кийин жаңы курамды парламент түзүшү керек. (UEz/RK)