Ошто "Аш фестивалы" өттү

Фестиваль эл достугун бекемдөө, ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максаты менен уюштурулган. Сынак эки тур менен өттү.

Фестивалдын урааны «Азия элдеринин достугу» деп аталды.

Бул иш-чараны Кыргызстан менен Өзбекстандын Ашпозчулар ассоциациялары биргелешип өткөрүштү. Ага Ош шаардык мэриясы колдоо көрсөттү.

Палоо фестивалы өткөн жылы Жалал-Абад, Чүй облустарында өткөн.

Аш фестивалындагы сынакка жыйырмадан ашык ашпоз катышты. Биринчи орунду Өзбекстандын Андиянынан келген ашпозчу Хуршид Хасанов менен Ош шаарынын ашпозчусу Айбек Ризоматов ээлешти. Аларга Дубайда эс алып келүүгө жолдомо берилди.

Ош мэри бул иш -чараны жыл сайын уюштуруп турууну убада кылды.