Барселонадагы кол салуу үчүн шектүү атып өлтүрүлдү

Юнус Абуякубду издөө операциясынан бир көрүнүш. 20-август, 2017-жыл.

Бул маалыматты испан полициясы ырастады. Каталон аймактык полициясынын билдиргенине караганда, 21-август күнү Барселонанын батышындагы Субиратс шаарчасынан атып өлтүрүлгөн адам теги боюнча мароколук Юнус Абуякуб болуп чыкты.

Полиция мурдараак аталган шаарчадан жанкечтинин курун тагынып жүргөндөй көрүнгөн адамды атып өлтүргөнүн айткан эле.

17-август күнү Барселонанын туристтерге жык толгон Рамбла көчөсүндө минивэн үлгүсүндөгү автоунаа адамдарды сүзүп, 13 киши мерт болгон. Теги боюнча мароколук Юнус Абуякуб ошол автоунаанын айдоочусу катары шектелип, изделип жаткан.

Полициянын эсебинде, ошондой эле Барселонадагы кол салууга тиешеси бар террордук түйүндүн кеминде 12 мүчөсүнүн ичинен учурда жалгыз Абуякуб гана качып жүрөт. Алардын төртөө камакка алынса, бешөө Барселонадан алыс эмес Камбрильс шаарчасында атып өлтүрүлгөн, экөө Альканар деген шаарчадагы үйдө газ баллондордун жарылуусунан мерт болгон.

Испан бийликтери ошондой эле Барселонадагы кол салуу Альканар шаарчасында, 16-августта жарылуу болгон үйдөн даярдалган деген ишенимде. Ал эми 17-августтагы кол салуулардан Барселонадан башка эки жерде дагы эки адамдын өмүрү кыйылып, курмандыктардын жалпы саны 15ке жетти. (UE)