Ысык-Көлдө жол кырсыгынан Орусия жарандары каза тапты

Иллюстрация

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан Орусия жарандары каза тапты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, окуя 19-августта Жети-Өгүз районунда, Барскоон айылынан Кумтөрдү көздөй кеткен автожолдун 52- чакырымында болгон.

"Тойота Лэнд Крузер" үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кеткен. Ичинде бараткан алты адам баары тең жабыркап, арасындагы бир кыргызстандык, эки орусиялык көз жумган. Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу катуу ылдамдыкта бара жатып, рулду башкара албай калган.

Факт боюнча соттук-медициналык жана техникалык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө жүрүүдө.(AsM)