Ысык-Көл менен Хайнан кызматташуу келишимин кабыл алышты

Ысык-Көл облусу Кытайдын Хайнан провинциясы менен кызматташмай болду. Бул тууралуу келишимге кол коюлганын бүгүн "Азаттык" радиосуна өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Анын айтымында облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев Хайнандын башчысы Юй Сюн баштаган делегация менен жолугуп, эки тарап мындан аркы кызматташтыкты күчөтүү багытында сүйлөшүү жүргүздү. Буга катар эле адистердин өз ара тажрыйба алмашуусу, соода-сатык жүргүзүү маселелери талкууланды.

Эң негизгиси, туризм багытында Кытай тарап тейлөө жаатында кол кабыш кылып, окутууларды уюштурары айтылды. Эки аймак тең туризмде окшоштук жактары көп.(AsM)