Орусиянын борборунун Бутурский райондук сотунун 18-августтагы өкүмүнө ылайык, “Печатный экспресс” басмаканасынын башкы директору Сергей Москвин 2,5 жылга, башкы инженери Антон Яцков 3,5 жылга жатак абакка кесилишти.
Сот өкүмүнө ылайык, алар ошондой эле жаза мөөнөтүн бүткөндөн кийин коммерциялык мекемелерде жетекчилик кызматты ээлей албайт.
Орусиянын ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, сот өкүм чыгарууда басмакана директору күнөөсүн моюнуна алганын, өрт курмандыктарынын туугандарынын өтүнүчүн, аларга моралдык чыгым үчүн компенсация төлөнгөнүн эске алды.
“Печатный экспресс” басмаканасында былтыр 27-августтун таңында болгон өрттөн 17 адам, анын ичинде Кыргызтандын 14 жаранынын өмүрү кыйылган. Курмандыктардын баары кыз-келиндер эле, алардын биринин боюнда болгон.
Орусияда өрт коопсуздугу Батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу кыйла начар деп саналат.
Өрт жана куткаруу кызматтарынын эл аралык ассоциациясынын эсебинде, маселен, 2014-жылы Орусияда өрттөн 10068 адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми калкы болжол менен Орусиядан эки эсе көп АКШда 3275 адам мерт болгон. (UE)