Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Эшалы болуш айылында барак тибиндеги сегиз бөлмөлүү турак жай жана “Ваз-3110” үлгүсүндөгү автоунаа толук өрттөнүп кетти.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, өрттөнгөн үйдүн жалпы аянты 675 чарчы метр. Тилсиз жоонун себеби аныкталууда.
Кыргызстанда быйыл 1300дөн ашуун өрт кырсыгы катталды. (NT)