Кыргызстандан 215 улан-кыз быйыл октябрда Орусиянын Сочи шаарында өтө турган Жаштардын жана студенттердин бүткүл дүйнөлүк фестивалына барат.
Бул иш-чара тууралуу бүгүн Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда Минск — Астана — Бишкек — Кишинев — Москва — Тбилиси видеобайланышында сөз болуп, ага кыргызстандык делегация өкүлдөрү катышат.
Жалпысынан фестивалга дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен 20 миңдей өкүл чогулат. Максат – түрдүү кесиптеги жаштардын башын бириктирип, орток маселелерди талкуулоо. (RK)