Кыргызстанда балдар укугун коргоочулар Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Баламды мектепке кабыл алгыла" деп аталган акцияны баштады.
"Балдарды коргоо лигасы" коомдук фонду баштаган бул иш-чара балдардын мектепке кирип, билим алышына көмөктөшүүгө багытталган.
Мектепке балдарды киргизүү түйшүгү өзгөчө Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда күч. Анткени эл жыш жайгашкан аймактарда мектептер, андагы орундар жетишсиз.
Бишкек, Ош шаарларындагы айрым мектептерде бир класста кырктан ашуун бала окуганы акыркы жылдарда көнүмүшкө айланган.
Бирок Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, мындай даттануулар менен түз министрликке кайрылган ата-энелер жок.
Кыргызстанда 2236 орто мектеп бар. Анын ичинде он пайыздайы мектеп-гимназиялар, лицейлер. (ZKo/RK)