Ысык-Көлдө алты айда тогуз өспүрүм өз жанын кыйды

Ысык-Көл облусунда быйылкы жылдын алты айында тогуз бала өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жашы жете электердин суицидге барган учуру Жети-Өгүз районунда көп катталган. Каракол шаарында бир, Ак-Суу районунда бир, Жети-Өгүз районунда төрт, Түп районунда эки, Балыкчы шаарында бир өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу үч фактыга көп.(AsM)