Бакуда "Туран" көз карандысыз кабар агенттигин тинтишти

Тинтүү учуру.

Азербайжандын Салык департаментинин кызматкерлери "Туран" маалымат агенттигинин Бакудагы кеңсесин тинтишти. Көз карандысыз агенттикте иштегендердин жеке буюмдарын да текшерип, документтерди конфискациялашканы кабарланууда. 7-августта "Туран" салык төлөөдөн качкан деген айып боюнча тергөө башталган.

Тергөөчүлөр агенттик 2014-2016-жылдар аралыгында 37 миң манат же 21,5 миң доллар салык төлөбөй койгон дешет. Ал эми редакция дооматтарды четке кагып, иликтөөнү саясатка байланыштырууда.

1999-жылы негизделген "Туран" азери, орус жана англис тилдеринде материалдарды чыгарып, эл аралык алдыңкы кабар агенттиктери менен кызматташат.