Мария Шарапова АКШнын ачык чемпионатына чакыруу алды

Мария Шарапова.

Орусиялык теннисчи Мария Шарапова АКШнын ачык чемпионатына чакыруу алды. Дисквалификациядан кийин ал биринчи жолу Чоң шлем турнирине катышмакчы. Былтыр мартта Шарапованын допинг анализдеринде тыюу салынган мельдоний заты табылганы белгилүү болгондон кийин Теннистин эл аралык федерациясы тарабынан мелдештерден четтетилген. Ушул апрелдин соңунда 15 айлык жаза мөөнөтү аяктаган. Спортчу өзү мельдоний 2016-жылдын январынан бери тыюу салынган заттардын тизмесине киригизилгенин билбегенин айтып келген.

Шарапова АКШнын ачык чемпионатын 2006-жылы жеңген. Бардыгы болуп Чоң шлем турнирлерин беш ирет уткан.