Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда билдирди.
Жээнбеков акыркы жолу кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиянын жыйыны сегиз жыл мурун болгонун, бул узак мөөнөт экенин белгиледи. Ошондой эле эки өлкө президенттеринин демилгеси менен кызматташтык жанданганын, алакада эми чектөө болбошу керектигин кошумчалады.
Анын айтымында, быйыл эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мурдагы жылдарга караганда 1,8 эсеге көбөйдү. Тараптар биргелешкен ишканаларды ачууга да кызыкдар. Мындан тышкары жыйында Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга Кыргызстандагы окуу жайларда квота көбөйтүлө турганы белгилүү болду.
Сапардын жүрүшүндө бүгүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны да өтмөкчү. (BkA/NT)