Пакистандын экс-премьери Шариф Жогорку Соттун чечимин талашат

Наваз Шариф.

Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф Жогорку Соттун чечимине каршы арыз берди. Шарифтин партиялашы, айлана чөйрөнү коргоо министри Мушахидулла Хан экс-өкмөт башчынын адвокаттары үч арыз тапшырышканын билдирди. 28-июлда Пакистандын Жогорку Соту Шарифтин жакындарынын жашыруун байлыгын текшерүү буйругун берип, премьер кызматтан кетүүгө тийиш деп чечкен.

Чыр 2016-жылдын апрелинде "Панама досьеси" деген атка конгон документтер ачыкка чыгып кеткенден кийин тутанган. Анда Шарифтин төрт баласы офшордогу компаниялары аркылуу акча которуп, Лондондон кымбат мүлк сатып алышууда деп айтылган.