Бишкекте кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланат

Кара-Суудагы чек ара бекети

Бүгүн Бишкекте кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланат. Эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги бул жыйынынаБишкекке иш сапар менен келе турган Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган расмий делегация катышат.

Ошондой эле бүгүн ортодогу мамлекеттик чек араны демилитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөнү жатат.

5-13-августта Өзбекстандын Наманган шаарында чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Соңку бир жыл ичинде өкмөт аралык жумушчу топ 14 жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Октябрда Кыргызстанда өзбек маданиятынын күндөрүн уюштуруу пландалууда.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө элек. (RK)