Zanoza.kg сайтына байланыштуу бүгүнтөн тарта үч күн бою соттук териштирүүлөр жүрөт. Бул тууралуу сайттын негиздөөчүлөрү кабарлашты. Бүгүн шаардык сотто журналист Нарын Айыптын макаласына байланыштуу апелляциялык арыз каралат.
Быйыл мартта Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына чыккан "айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген.
Иштер Бишкектеги Октябрь райондук сотунда каралып, прокуратуранын 24 миллион сомдук доо арыздары толугу менен канааттандырылган. Дагы 3 млн сомдук арыз боюнча чечим чыга элек.
1-августтан тарта Zanoza.kg маалыматтык мультимедиа порталы kaktus.media деген аталыштагы маалыматтык-маанайшат сайты болуп чыга баштады.
24-июлда Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Zanoza.kg сайтына карата берилген арыздар кайра алынбай турганын, муну менен айрым бир тараптуу гана жазган журналисттерге сабак берүү жагы каралганын, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилбестигин билдирген.
Ал эми сотко берилген макалалардын авторлору жана өлкөдөгү укук коргоочу бейөкмөт уюмдар жана айдыңдар Zanoza.kg сайтына жана өз оюн эркин билдирген калемгерлерге карата айыптоолордун баарын негизсиз деп четке кагып, бул доолор жана сот жүрүмдөрү - элдик кош ыңкылаптан кийинки Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөнүн жаңы далаалаты болуп саналат деген пикирлерин билдирүүдө. (RK)