Түптө мөндүрдүн чыгымы саналып жатат

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 12-августта жааган мөндүрдөн эгин аянттарына зыян келтирилди.

Анын кесепетинен Кең-Суу, Байзак жана Сары-Тологой айылдарында жалпы 488,7 гектар эгин аянты күбүлүп калганын Түп районунун акиминин орун басары Валерий Чипчихин "Азаттык" радиосуна билдирди.

Учурда жаратылыш кырсыгынан келтирилген чыгымдарды атайын түзүлгөн коммисия эсептеп жатат. (AsM)