Өзбекстандын Борбордук банкы 50 миң сумдук банкнотту жүгүртүүгө чыгаруу чечимин күнүмдүк накталай төлөмдөрдү жеңилдетүү деп түшүндүрдү.
Борбордук банктын жарыясына караганда жаңы банкнот 22-августтан тарта колдонула баштайт.
Акча алмашуунун Өзбекстандагы расмий курсу боюнча 50 миң сум 12 долларга, ал эми көмүскө базардагы курс боюнча 7 долларга барабар.
Өзбекстандын азыр колдонуудагы эң чоң банкноту 10 миң сум. Ал жүгүртүүгө быйыл жыл башында киргизилген.(UE)