Шайлоо-2017: Текебаевдин юристтери Жогорку Сотко кайрылмай болушту

Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” партиясынын юристтери Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен тест тапшыруу маселеси боюнча Жогорку Сотко кайрылышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна юрист Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Алар Бишкектин район аралык сотунун кечээ күнкү чечимине байланыштуу көзөмөл арыз менен кайрылганы жатышат.

Кечээ район аралык сот Текебаевдин юристтеринин Боршайком боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта Текебаевге кыргыз тилинен тест тапшыруусуна шарт түзүп берүүгө макул болбой койгон.

Орусиялык жарандан 1 млн доллар пара алды деген шек менен УКМКда камалып жаткан Текебаевдин соттук иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Мамлекеттик айыптоочу аны 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Ал быйыл өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз берген. Талапкер болуп катталуу үчүн кыргыз тилинен тест тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 млн сом күрөө коюу зарыл.(RK)