Казакстанда бийликти сындаган журналисттин соту башталды

Журналист Жанболат Мамай.

Бүгүн Алматыда бийликти сындап келе жаткан журналист Жанболат Мамайдын соту башталды. Ага бозгундагы казакстандык олигархМухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деген айып тагылууда. Мамай Аблязовго эч кандай тиешеси жоктугун айтып, бул ишти саясий куугунтук катары мүнөздөп жатат.

"Саясий калем - Трибуна" гезитинин редакторунун милдетин аткарган 28 жаштагы журналист быйыл февраль айында кармалган. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары буга чейин казак бийлигин Мамайды токтоосуз бошотууга чакырышкан.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин саясатын кескин сынга алган Муктар Аблязов 2009-жылдан бери Евробиримдиктин аймагында жашап келет. Ага Казакстанда БTA банкты башкарып турганда жан-жөкөрлөрү менен беш миллиард доллардын изин жашырган деген айып коюлган.