Каспаров 12 жылдык тыныгуудан кийин шахмат мелдешине катышат

Гарри Каспаров

Шахмат боюнча мурдагы дүйнө чемпиону жана Кремлди сындап келаткан Гарри Каспаров 12 жылдык тыныгуудан кийин кайра эл аралык мелдешке катышат.

1985 - 2000-жылдар аралыгында шахматта артыкчылыкка ээ болгон Каспаров АКШдагы Сейнт Луис кубогундагы "Рапид" жана "Блитз" мелдештеринде күч сынашат. Уюштуруучулар Каспаровго турнирге түз катышууга уруксат беришти.

14-августтан 19-августка чейин созула турган мелдешке орусиялык Сергей Карякин баштаган белгилүү шахматчылар катышат. 54 жаштагы Каспаров шахматка толугу менен кайтпаганын, бул бир жолку гана таймаш экенин кабарлады.

Белгилүү шахматчы 2005-жылы спорттон кетип, "Башка Орусия" аттуу оппозициялык кыймыл түзгөн. Ал 2013-жылы Орусиядан чыгып кетип, кайра бул өлкөгө кайтып барбастыгын айткан. 2014-жылы Хорватиянын жарандыгын алган.