Кыргызстандын борборундагы Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөн Чотоновдун соту уланууда. Бүгүн жарыш сөздү уланткан Текебаев мурда берилген көрсөтмөлөргө токтолуп, түшүндүрмө берүүдө. Ал айыптаган тараптар акчаны маркум Талант Маматкеримовго бергенбиз деп баарын өлгөн кишиге шылтап жатышканын, адамдын укугу өлгөндөн кийин да корголушу керектигин айтты.
Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан 1 млн. доллар пара алган деп айыпталууда. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн Маевскийден эч кандай акча албагандыгын билдиришүүдө.
Мамлекеттик айыптоочу сотко Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп өкүм чыгарууну сунуштаган. Алардын жактоочулары болсо эки оппозициячыл саясатчыны толук актоону талап кылышууда.
Ө.Текебаев быйыл 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирген, бирок Кыргызстандын БШКсы анын убактылуу абактагы акыбалына шылтап, мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүшүнө шарт түзгөн жок. Бул окуя да коомчулукта кызуу талкууга алынууда. (КЕ/UEz)