Текебаевдин соту боюнча Бекназаров менен Ташиевдики делген аудио тарады

Өмүрбек Текебаев

Интернетке “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин соту боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров менен “Ата Журт” партиянын лидери Камчыбек Ташиевдики делген аудио тарады. Анда эки саясатчы чай үстүндө сотто берген көрсөтмөсү тууралуу сүйлөшүшкөн. Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын Кудай өзүң кечир деп аттым” деп сүйлөгөн. Ал эми Ташиевдики делген үн сотто көрсөтмө берер алдында Текебаевден кат алганын айткан:

- Мага кат жазып жибериптир, Камчы үка 22си туулган күнүм болгон. Эсиңдеби, 23ү келип мени куттуктап вино бергенсиң дептир. Эсимде жок, вино бергенимди, куттуктаганымды. Мен аны эч качан куттуктаган эмесмин.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 19-июлда Текебаев-Чотонов сотунда көрсөтмө берген. Ал 13-майда бир нече жыйын болгонун, анда өлкө түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2 млн сом бөлүү боюнча талкуу болгонун айткан. Ошондой эле “Чотонов менен Шыкмаматовду менин сунушум менен Атамбаев дайындаган. “Мегаком” Убактылуу өкмөттүн декрети менен Атамбаевге өткөрүлүп берилген” деп айткан. Камчыбек Ташиев да сотто көрсөтмө берип, 2010-жылы 21-декабрь күнү Текебаевдин туулган күнү болгонун, бирок аны иш бөлмөсүнөн таппаганын билдирген.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет.

Мамлекеттик айыптоочу соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган. (КЕ)