Жарандык активист Мавлян Аскарбеков бүгүн Улуттук коопсуздук комитетине сурак бергени барат. Бул тууралуу ал өзү “Азаттык” радиосуна билдирди.
- Мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу, конституциялык түзүлүштү бузуу деген берене боюнча иш козгодук, эксперттин чечими бар деп айтып жатышат. Бүгүн УКМКга киргенде ошол материалдар менен таанышып чыгам.
Аскарбековдун айтымында, ал буга чейин Учкун-2 жана авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ конуштарынын социалдык маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүп, бийлик алардын маселесин чечиши керек деген пикирлерин айткан.
УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов жарандык активистке кылмыш иш козголгонун ырастаган. Анын айтымында, буга Аскарбековдун быйыл 20-июлда коомчулук алдында айткан пикирлери себеп болгон.
Мавлян Аскарбеков “Эркин эл” саясий партиясынын лидери, “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү катары белгилүү. Ал буга чейин ар кандай социалдык маселелер боюнча акцияларды уюштуруп, бийликке кескин сын айтып келген.(RK)